Орусия президенти Владимир Путин бүгүн 13-июнда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын жыйынына катышуу үчүн Бишкекке келди.
Эл аралык «Манас» аэропортунда Путинди Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.
Жээнбеков Путинди Орусия күнү менен куттуктап, мамлекет башчыларынын ар бир жолугушуусу ортодогу өз ара пайдалуу өнөктөштүктү тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө өбөлгө болорун канааттануу менен белгиледи.
Путин ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Бишкектеги жыйыны эл аралык күн тартибиндеги маанилүү иш-чара экенин белгиледи.