Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:33

Кыргызстанда «Кыргызстан – Кытай» бизнес-форуму өттү


«Кыргызстан – Кытай» бизнес-форуму. Бишкек, Кыргызстан. 13-июнь, 2019-жыл.
«Кыргызстан – Кытай» бизнес-форуму. Бишкек, Кыргызстан. 13-июнь, 2019-жыл.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов «Кыргызстан – Кытай» бизнес-форумунун ишине катышты. Боронов жыйында эки өлкөнүн ишкерлик алакасын азыркыдан да жакшыртыш үчүн бардык зарыл шарттар түзүлүп жатканын айтты:

- Төрага Си Цзиньпин «Жибек жолу экономикалык алкагын» биргелешип түзүү концепциясын сунуш кылган соң, кыргыз-кытай мамилелери жаңы деңгээлге чыкты. Өкмөттүк деңгээлде, ошондой эле эки өлкөнүн ишкерлик чөйрөлөрүнүн ортосунда өз ара жандуу аракеттер байкалууда. Буга байланыштуу кыргыз-кытай бизнес-форумун өткөрүү биздин өлкөлөрдүн ортосундагы соода жана инвестиция тармактарында кызматташтыкты кеңейтиш үчүн маанилүү роль ойнойт. Кытайдан келген түз чет өлкөлүн инвестициялардын көлөмү 2018-жылы 338092,6 миң долларды түзгөн. КЭР инвесторлору үчүн акыркы жылдары пайдалуу кендерди казуу (54,3), иштетүүчү өндүрүш (23%), кесиптик, илимий жана техникалык ишмердүүлүк (23%) кыйла жагымдуу тармактар катары саналып келет.

Вице-премьер-министр жакын арада кытайлык инвесторлор акча салган дагы 4 ишкананын ачылышы пландалып жатканын кошумчалады.

Өкмөттүн аппараты тараткан билдирүүдө форумда түзүлгөн макулдашуулар, келишимдер тууралуу айтылган эмес.

Буга чейин Кыргызстанда кытайлык инвесторлордун 397 ишканасы, 177 кыргыз-кытай биргелешкен ишканалары иштеп жатканы расмий кабарланган. (ErN)

XS
SM
MD
LG