Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:33

Атамбаевдин кол тийбестигин караган комиссияга бир апта убакыт берилди


Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестик макамынан ажыратуу үчүн ага күнөө коюу маселеси боюнча корутунду бере турган комиссиянын иштөө мөөнөтү жети күн деп белгиленди.

Атайын комиссия Жогоку Кеңеште 13-июнда түзүлдү.

Анын курамына депутаттар Өмүрбек Бакиров, Евгения Строкова, Кожобек Рыспаев, Максатбек Эгембердиев, Талант Мамытов, Бактыбек Райымкулов, Жыргалбек Турускулов, Канатбек Исаев, Алмазбек Токторов, Алтынбек Жунус уулу, Бактыбек Турусбеков жана Каныбек Иманалиев кирди.

Мунун алдында депутат Исаев Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча сунушун Жогорку Кеңештин 60 депутаты колдоп, кол коюп бергенин билдирген. Алты фракция лидери кол койгон сунушту тармактык комитет карап, жалпы талкууга алып чыкты. (RK)

XS
SM
MD
LG