Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:07

БУУ: Украинанын чыгышында кыйноо токтобой жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Украинанын чыгышында 2014-жылдын апрелинен бери 500дөн ашуун кыйноо фактылары катталды. Бул тууралуу Киевде өткөн басма сөз жыйынында Бириккен Улуттар Уюмунун миссиясынын жетекчиси Фиона Фрейзер билдирди.

- Бирок бул айсбергдин үстү жагы гана. Украинада кыйноо маселеси согуш башталгандан бери ого бетер курчуп кетти, - деди ал.

БУУнун өкүлү белгилегендей, көбүнчө кыйноого аскер кызматкерлери кабылууда.

- Украинанын өкмөттүк күчтөрү тарабынан да, Орусия колдогон жикчилдер жактан да кыйноого жана ырайымсыз мамилеге туш болгондор көп, - деди Фрейзер.

2014-жылы Орусия Крымды аннексиялап алгандан кийин Украинанын чыгышында тутанган аскердик чыңалуу токтобой келет. Ошондон бери каза болгон адамдардын саны 40 миңден ашканы буга чейин кабарланган. (RK)

XS
SM
MD
LG