АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) Кыргызстандын ооруканаларына жана социалдык мекемелерине гуманитардык жардам бөлдү.
75 тонна азык-түлүк бүгүн, 14-июнда кыргыз тарапка өткөрүлүп берилет.
Аны жергиликтүү бейөкмөт уюмдар менен бирге республиканын бардык аймактарына бөлүштүрүп беришет.
Жасмык азыгы кургак учук ооруканаларына, карылар жана балдар үйлөрүнө, мектеп-интернаттарга, жалпысынан 114 мекемеге таратылат.
2006-жылдан бери USAID агенттиги Кыргызстанга 844 тонналык гуманитардык жардам көрсөттү. (RK)