Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:06

Конституциялык палата процесстик макулдашуу боюнча бүтүм чыгарды

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Конституциялык палата Жазык-процесстик кодекстин процесстик макулдашууну түзүүдө жабыркагандардын жана өспүрүмдөрдүн укуктары боюнча талаш жараткан нормаларын карап чыкты. Жыйынтыгында бул алар Баш мыйзамга каршы келбестигин аныктады.

Кодексте күнөөнү моюнга алуу, кызматташуу жана элдешүүнү камтыган процесстик макулдашуу укугу каралган. Мында мамлекетке жабыркаган жана айыпталуучу тараптардын бирдей укугун камсыздоо милдети жүктөлгөн. Негизги жоопкерчилик прокуратура органдарында болору айтылган.

2019-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстанда жаңы Кылмыш-жаза кодекси, Жазык-процессуалдык кодекс, Жазык-аткаруу кодекси, Жоруктар тууралуу кодекс жана Бузуу тууралуу кодекс күчүнө кирди. Ошондой эле Тергөө судьяларынын институту да ишин баштады. (RK)

XS
SM
MD
LG