Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин 500дөй журналист чагылдырып жатат.
Алардын арасында Беларустун, Индиянын, Ирандын, Кытайдын, Монголиянын, Пакистандын, Орусиянын, Өзбекстандын жана Жапониянын, ошондой эле Кыргызстандын тышкы саясий мекемесинин каттоосунан өткөн Франциянын, Улуу Британиянын, АКШнын жана Германиянын журналисттери бар.
Жалпысынан 30 телеканал, 10 радиостанция, 20 маалымат агенттиги жана 10 гезит өкүлү иштеп жатат.
ШКУ саммити Бишкекте бүгүн, 14-июнда өтүүдө. (BkA)