Кыргызстан Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) алкагында экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча атайын орган түзүүнү сунуштайт. Бул тууралуу мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков бүгүн ШКУ саммитинде сүйлөп жатып билдирди.
- Экономикалык кылмыштар, адатта, трансулуттук мүнөзгө ээ. Мунун баары маңзат соодасы, аткезчилик, арам акчаны адалдоо аракети менен тыгыз байланышта, - деди кыргыз мамлекетинин башчысы.
Ошондой эле Жээнбеков Шанхай Кызматташтык Уюмунун Евразия экономикалык биримдиги менен кызматташтыгын кеңейтүү зарыл экенин белгиледи.
Саммитке Кыргызстандан тышкары Казакстан, Кытай, Орусия, Өзбекстан, Тажикстандын президенттери жана Пакистандын, Индиянын премьер-министрлери катышууда.
Ошондой эле уюмда байкоочу макамына ээ болгон Ооганстан, Беларус, Иран жана Монголиянын башчылары да бүгүнкү жыйынга катышуу үчүн келген. (BkA)