Индиянын премьер-министри Нарендра Моди террорчулукка каршы эл аралык саммит өткөрүүнү сунуш кылды. Бүгүн 14-июнда Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинде сүйлөп жатып ал терроризмди колдогон өлкөлөрдү "изоляцияда калтыруу" керек экенин айтты.
- Террорчуларга жардам берип, аларды каржылаган өлкөлөр жоопко тартылышы керек, - деди Моди.
Ошондой эле ал аймактагы коопсуздукту камсыз кылууда Ооганстан маселеси өзгөчө мааниге ээ экенин айтты. "Нью-Дели досу Ооганстанга мындан ары да колдоосун көрсөтө берет" деп кошумчалады Индиянын өкмөт башчысы.
Саммитке Кыргызстандан тышкары Казакстан, Кытай, Орусия, Өзбекстан, Тажикстандын президенттери жана Пакистандын, Индиянын премьер-министрлери катышууты.
Ошондой эле уюмда байкоочу макамына ээ болгон Ооганстан, Беларус, Иран жана Монголиянын башчылары да бүгүнкү жыйынга катышуу үчүн келген. (BkA)