Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:37

Депутаттар келбей калганы үчүн парламенттеги коомдук угуу өтпөй калды


Жогорку Кеңеш. Архивдик сүрөт.
Жогорку Кеңеш. Архивдик сүрөт.

Жогорку Кеңеште «Кесиптик бирликтер жөнүндө» мыйзам долбоору боюнча коомдук угуунун катышуучулары депутаттардын толук катышуусун талап кылышты.

Жалпы залда өтүп жаткан жыйындын эки катышуучусу угууда эки гана депутат катышып жатканын айтып, аларды башка депутаттар укпаса жыйынды башка күнгө жылдырууну суранды.

Модератор, Жогорку Кеӊештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрайымынын орун басары Алмазбек Токторов эл өкүлдөрү Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитине байланыштуу парламентке келе албай турганын айтып, жыйын жылса “өттү” деп эсептеле турганын айтты.

Кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасынын орун басары Рыскүл Бабаева бирликтин мүчөлөрү жана башка катышуучулар бир пикирге келип, коомдук угууну жылдырышы керектигин дагы бир жолу талап кылышты. Алар бардык депутаттар болбосо да мыйзам долбоорунун демилгечилери катышуусу керектигин айтышты. Бул позицияга “Адилет” укуктук клиникасынын өкүлү Бектур Осмонбаев да тилектеш экенин билдирди.

Бир топ талаш-тартыштан кийин депутат Алмазбек Токторов жыйынды жабык деп жарыялады.

«Кесиптик бирликтер жөнүндө» мыйзам долбоору депутаттар Данияр Төлөнов, Таалайбек Масабиров, Гүлшат Асылбаева, Улан Примов, Таабалды Тиллаев, Бактыбек Турусбеков, Искендер Гаипкулов, Кожобек Рыспаев, Мирлан Бакиров тарабынан демилгеленген. (ErN)

XS
SM
MD
LG