Ош шаарынын Алишер Навои көчөсүндөгү Жекелик каналынын үстүнө жаңы курулган көпүрө пайдаланууга берилди. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров билдирди.
Көпүрөнүн узундугу 9, кеңдиги 20 метр. Эки тарабынан адамдар өтүүчү жол да салынды.
Курулуштун ачылышына вице-мэр Жасур Азимов, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов жана шаар тургундары катышты.
Объект жараксыз абалга келип, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги корутунду чыгарган. Калаа жетекчиси Таалайбек Сарыбашов кооптуу абалдагы көпүрөнүн ордуна жаңысын куруу ташпырмасын берип, курулуш иштери жергиликтүү бюджеттен каржыланды.
Курулушка жалпы 7 млн. 900 миң сом жумшалды. Долбоорду "Спутник строй" фирмасы ишке ашырды. (ErN)