Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:37

Төрт айда Кыргызстандан 163 миллион доллар чыгарылып кетти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2019-жылдын январь-апрель айларында кыргызстандыктар 163,3 миллион доллар каражатты чет өлкөлөргө которуп кетишти. Бул тууралуу Улуттук банк кабарлады.

Май айында жана июндун алгачкы жарымында сыртка чыгарылып кеткен каражаттар эсептелип бүтө элек.

Жылдын алгачкы төрт айында чет өлкөдөгү мигранттар Кыргызстанга 740 миллион доллардан ашуун акча жөнөтүшкөн.

Улуттук банктын сайтындагы “Акча которуу” бөлүгүндөгү маалыматтар ылайык, 2018-жылы кыргызстандык мигранттар өлкөгө 2 миллиард 685 миллион доллар которушса, былтыр Кыргызстандан 542 миллион доллар чыгарылып кеткен.

“Азаттыктын” буга чейинки иликтөөсүндө эксперттер Кыргызстандан акчанын сыртка чыгарылышынын көбөйүшүн саясий кризистин күч алышы жана инвестициялык климаттын начарлашы менен байланыштырышкан. (ErN)

XS
SM
MD
LG