Сириядагы террордук очокторду толугу менен жок кылуу керек. Бул тууралуу Орусиянын президенти Бишкекте өтүп жаткан ШКУнун саммитинде билдирди.
Путин Сириядагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча аракеттер көрүлүп жатканын айтты.
- Сириянын Идлиб аймагындагы террорчул очокторду толугу менен жок кылуу үчүн расмий Дамаскка көмөктөшүү зарыл, - деди Орусия президенти.
Ошондой эле Путин "дүйнөдөгү террорчул күчтөрдү каржылаган булактарга каршы күрөшүү керек" деди.
Саммитке Кыргызстандан тышкары Казакстан, Кытай, Орусия, Өзбекстан, Тажикстандын президенттери жана Пакистандын, Индиянын премьер-министрлери катышууда.
Ошондой эле уюмда байкоочу макамына ээ болгон Ооганстан, Беларус, Иран жана Монголиянын башчылары да бүгүнкү жыйынга катышуу үчүн келген. (BkA)