Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:58

Өзбекстан ШКУнун алгачкы экономикалык форумун Самаркандда өткөрүүгө чакырды


Самарканд шаары.
Самарканд шаары.

Өзбекстан Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) алгачкы экономикалык форумун Самарканд шаарында өткөрүүнү сунуш кылат. Бул тууралуу бүгүн, 14-июнда Бишкекте аталган уюмдун башчыларынын саммитинде өзбек президенти Шавкат Мирзиёев билдирди:

- Биз биринчи экономикалык форумду өткөрүүгө даярбыз. Уюмга мүчө өлкөлөрдүн ишкерлери ортосунда аймактык деңгээлдеги жолугушууларды өткөрүп туруу керек.

Бүгүн Бишкекте өткөн саммитке Кыргызстандан тышкары Казакстан, Кытай, Орусия, Өзбекстан, Тажикстандын президенттери жана Пакистандын, Индиянын премьер-министрлери катышты.

Ошондой эле уюмда байкоочу макамына ээ болгон Ооганстан, Беларус, Иран жана Монголиянын башчылары да бүгүнкү жыйынга катышуу үчүн келген.

Саммиттин соңунда 30га жакын документке кол коюлду. (BkA)

XS
SM
MD
LG