"Левада-борборунун" жаңы сурамжылоосу Орусияда Украина менен АКШны "душман мамлекет" деп эсептеген жарандардын саны азайганын көрсөттү.
Май айында жүргүзүлүп, жыйынтыгы 14-июнда жарыяланган сурамжылоого ылайык, Кошмо Штаттарга карата терс көз караштагы орусиялыктардын саны былтыркыдан 11 пайызга азайып, быйыл 67 пайызды түздү. Украинаны кас маанайдагы өлкө деп эсептегендердин саны былтыр 49 пайыз болсо, быйыл 40 пайызга чейин азайды.
"Левада-борборунун" директору Лев Гудков айрым орусиялыктар Украинанын жаңы лидери Владимир Зеленскийдин президенттик мөөнөтүндө Киев менен Москванын мамилеси жакшырат деп үмүт артып турганын айтты.
Саясий аналитик Алексей Макаркин "Ведомости" басылмасына берген комментарийинде АКШ менен Украинага карата терс мамиленин азайганын орусиялыктардын геосаясатка эмес, айлык акы жана баалар сыяктуу өлкө ичиндеги маселелерге көбүрөөк көңүл буруп жатканы менен түшүндүрдү.
Орусиянын Украина жана АКШ менен мамилеси 2014-жылы Крымдын аннексиясынан кийин кескин начарлап кеткен. Украинанын чыгышында тутанган куралдуу кармаштардан көп өтпөй Вашингтон Москвага санкция салган.