Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:49

Бишкекте тапанча менен видеого түшкөн адам изделип жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы жана Улуттук гвардия социалдык тармактарда тараган видеодогу адам алардын кызматкери эместигин тактаган билдирүү таратты.

Эки мекеме тең жагдай боюнча териштирүү жүрүп жатканын, кийин толугураак маалымат берилерин кабарлашты. Милиция видеодо тартылган киши изделип жатканын кошумчалады.

Мунун алдында "Фейсбук" жана башка түйүндөрдө өзүн “укук коргоо органдарынын кызматкери” деп тааныштырган мас адамдын видеосу жарыяланган. Анда ал “Тынчтыкбек Женишбек уулунун” атына жазылган Улуттук гвардияга таандык күбөлүктү көрсөтүп, кайсы бир аймакта участкалык милиция болуп иштей турганын айтып жатат. Видеодо ал автоунаанын рулунда отуруп жергиликтүүлөр менен талашып-тартышып жатканы, тапанчаны алып чыгып, кайра катып койгону тартылган. (ErN)

XS
SM
MD
LG