Бишкекте Кыргызстан-Индия бизнес-форуму өтүп жатат.
Жыйынга Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков жана Индиянын премьер-министри Нарендра Моди катышууда.
Кыргызстандын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин директору Адылбек уулу Шумкарбектин маалыматына караганда, бизнес-форумга Индиядан 30дай ишкер, Кыргызстандан 150гө жакын бизнесмен келди.
Анын айтымында, Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы жылдык соода алмашуу 40 миллион долларды түзөт. (BTo)