Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:15

Трамп Оман булуңундагы чабуул боюнча Иранды айыптады


АКШ президенти Дональд Трамп.
АКШ президенти Дональд Трамп.

АКШ президенти Дональд Трамп Оман булуңунда Жапония менен Норвегиянын мунай ташыган эки кемесине коюлган чабуул боюнча Иранды айыптады.

Бейшемби күнү болгон чабуулду Тегеран уюштурганын Трамп 14-июнда "Фокс-Ньюс" телеканалындагы маегинде билдирди.

Анын алдында Кошмо Штаттардын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгы танкерлерге коюлган чабуулдагы Ирандын ролун айгинелейт деген видеону жарыялады. Бул видеодон Ирандын "Ислам революциясынын сакчылар корпусуна" таандык деген кайык бутага алынган мунай танкерлеринин биринин жанында жүргөнүн көрүүгө болот.

"Аны Иран кылганы бышык. Алар кылышты, себеби силер кайыкты көрбөдүңөрбү. Чамамда, миналардын бирөө жарылбай калган жана ал мина "Иран" деп жазылып турсак керек. Ал кайык түн жамынып келип, жарылбай калган минаны алып кетүүгө аракет кылды. Аны ийгиликтүү ишке ашырышты. Бирок бул ачыкка чыгып кетти", - деди Трамп.

Тегеран бул окуяга тиешеси жок экенин билдирип, бул чагымчыл аракет болушу мүмкүн экенине ишара кылган. Ирандын президенти Хасан Роухани Шанхай кызматташтык уюмунун 14-июна Бишкекте өткөн саммитинде АКШ бийлигинин саясатын сынга алган болчу.

XS
SM
MD
LG