Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:54

МАК: «Сухой Супержеттин» кырсыкташына чагылган себеп болгон


Кырсыкка учураган «Сухой Супержет-100» учагы. 6-май, 2019-жыл.
Кырсыкка учураган «Сухой Супержет-100» учагы. 6-май, 2019-жыл.

Орусиядагы авиация тармагындагы иликтөөчүлөр өткөн айда Москванын Шереметьево аэропортунда «Сухой Супержет-100» учагы кабылган кырсыкка чагылган себеп болгонун билдиришти.

Мамлекет аралык авиация комитетинин (МАК) 14-июнда жарыяланган корутундусунда айтылгандай, чагылгандан улам учактын автопилот системасы иштебей калган. Натыйжада «Сухой Супержет-100» тездик менен ылдыйлай баштаган.

Мамлекет аралык авиация комитети Көз каранды эмес Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) Жарандык авиация боюнча кеңешинин аткаруучу органы катары болуп саналат. Бул комитеттин соңку тыянагында пилотторго кине тагылган эмес. Ошондой эле корутундуда учак жерге конгондон кийин айрым жүргүнчүлөр чемодандарын кошо алып чыгууга аракет кылып, эвакуацияны кечеңдеткени тууралуу да маалымат жок.

«Сухой Супержет-100» – эгемен Орусияда жасалган алгачкы жүргүнчү учагы. 5-майда ушул үлгүдөгү учак Шереметьево аэропортуна авариялык конуу учурунда өрттөнүп, 41 кишинин өмүрү кыйылган. Айрым жергиликтүү маалымат каражаттары кырсыкка учкучтардын катасы себепкер болушу мүмкүн экенин жазышкан эле.

XS
SM
MD
LG