Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:46

Аба ырайы: жаан жаайт


Кыргызстанда 16-июнда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын бир топ жерлеринде, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолорго кар жаайт. Өрөөндөрдө жаан-чачын жок. Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Кээ бир райондордо мөндүр жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден 17-22 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 11…16, күндүз 24…29;

Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн 0…5, күндүз 12…17;

Таласта түнкүсүн 11…16, күндүз 22…27;

Баткенде түнкүсүн 13…18, күндүз 27…32;

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 13…18, күндүз 27…32;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 8…13, күндүз 17…22;

Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 18…23;

Бийик тоолордо түнкүсүн 0…-5, күндүз 1…6 градуска чейин жогору болот.

Бишкекте 16-июнда түнкүсүн жаан жаап, күн күркүрөйт. Күндүз жаан-чачын жок. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 14…16, күндүз 27…29 градуска чейин көтөрүлөт.

XS
SM
MD
LG