Британиянын Вестминстер соту 14-июндагы угууларда "Wikileaks" сайтынын негиздөөчүсү Жулиан Ассанжды токтоосуз АКШга өткөрүп берүү тууралуу чечим кабыл алган жок. Аны экстрадициялоо тууралуу жараянды 2020-жылдын февралына чейин жылдырды.
«Wikileaks» сайтынын негиздөөчүсүнө АКШда 17 айып коюлуп жатат. Анын ичинде тыңчылык боюнча айып бар.
Ассанж 2010-жылы Пентагондун жана Мамлекеттик департаменттин жашыруун аскердик жана дипломатиялык документтерин ачыкка чыгарып салган. «WikiLeaks» сайтында Ооганстандагы жана Ирактагы согуштун жүрүшү тууралуу АКШнын миңдеген жашыруун документтери жарыяланган.
Ассанж 2012-жылы аны «Зордуктоо» беренеси менен айыптап жаткан Швецияга экстрадиция болуудан качып, Эквадордун Лондондогу элчилигинде убактылуу башпаанек тапкан. Быйыл апрелде Эквадор ага башкалка берүүдөн баш тарткан соң британ полициясы аны камакка алган.
49 жаштагы Австралиянын жараны аны күрөө менен бошотуу шарттарын бузгандыгы үчүн Британиянын түрмөсүндө 50 жумалык камакта отурат.