Казакстандын баш калаасы Нур-Султан шаардык соту 9-10-июндагы митингге катышканы үчүн беш күнгө жана он күнгө камакка алынган эки кишинин апелляциялык арызын канааттандырган жок.
Бул тууралуу адвокат Асел Токаева «Азаттыктын» казак кызматына билдирди. Ушуну менен 14-июндан бери митингде кармалгандар боюнча он бешинчи апелляциялык арыз сотто каралды.
Нур-Султандын жашоочулары Арман Алтынбеков менен Тимур Арипбаев акцияга катышпаганын, 9-июнда президенттик шайлоого добуш бергени баратканда Жаштар сарайынын жанынан кармалганын айтып жатышат. Арипбаев «уруксат берилбеген митингге катышты» деген негизде он күнгө камалып, беш күндөн кийин бошотулду. Ал эми беш күнгө камалган Алтынбеков жазасын толук өтөп чыкты. Экөө тең күнөөсүн моюнга албай, мыйзамсыз соттолгонун айтып даттанышкан.
9-10-июндагы митингдерге катышкан деген жүйө менен Нур-Султанда жана Алматыда ар кандай эсеп боюнча миңге чукул киши кармалган. Анын 670и алты күндөн 16 күнгө чейин камалса, 115ине айыппул салынган.
Бийлик алардын кармалышын «зарыл болгон чара» деп сыпаттаса, БУУ жана «Human Rights Watch» баштаган эл аралык уюмдар адам укуктарын бузуу катары баалашты.
9-июндагы президенттик шайлоодо бийликтин талапкери Касым-Жомарт Токаев 70 пайыздан ашуун добуш менен жеңип чыкканы расмий кабарланып, кызматка киришкен.