Римде италиялык белгилүү кинорежиссер Франко Дзеффирелли 96 жашында дүйнөдөн кайтты. Ал 15-июнда көз жумганын жакындары ырасташты. Маалыматка караганда, маркумдун сөөгү туулуп-өскөн Флоренция шаарында жерге берилет.
Дзеффирелли (туулгандагы аты-жөнү Жанфранко Корси) 1923-жылы туулган. Экинчи дүйнөлүк согуш маалында Каршылык көрсөтүү кыймылына катышкан. Майдандан кийин Римге барып, Лукино Висконти тарткан фильмдерде режиссердун ассистенти жана актер болуп иштей баштаган.
1960-жылдан тартып өзүн толук киного арнаган. Ага Шекспирдин чыгармаларынын негизинде тартылган «Азоого чалма», «Ромео жана Жулетта» (1968) тасмалары атак алып келип, бул эмгектери үчүн эки жолу «Оскар» сыйлыгы берилген.