Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:06

Москвада «Бардыгы үчүн мыйзам жана адилеттүүлүк» аттуу митинг өтүүдө


«Бардыгы үчүн мыйзам жана адилеттүүлүк» аттуу митинг.
«Бардыгы үчүн мыйзам жана адилеттүүлүк» аттуу митинг.

Москванын борборундагы Сахаров проспектинде митинг башталды. Бийлик бул митингди өткөрүүгө уруксат берген. Митинг алгач «Медузанын» журналисти Иван Голуновду колдоо акциясы катары пландалып жаткан. Бирок көп өтпөй анын урааны өзгөрдү.

Орусиянын Ички иштер министрлиги митингге 1600 адам катышып жатканын кабарлады.

Митингдин катышуучулары, журналисттер жана укук коргоочулар бийликтин саясатына макул болбогондорду куугунтуктоону токтотууну талап кылышууда.

Орусиянын Журналисттер бирикмесинин башчысы Владимир Соловьев митингге Голунов да чакырылганын билдирди.

- Биз анын өзүнөн жарандык коомдун мындан аркы өнүгүүсү тууралуу пикирин билейин дегенбиз. Башкалар да Голуновдун ордунда болуп калбашы үчүн эмне кылыш керек? Себеби азыр Иван Голуновго окшоп көптөгөн журналисттер ошол эле берене менен абакта отурушат, - деди Соловьев.

«Медуза» басылмасынын журналисти Иван Голунов 6-июнда баңгизат соодасына байланыштуу шек саналып кармалган. Адвокаты анын чөнтөгүнө жана батирине баңгизат атайын ташталганын билдирген.

Голунов өзүнө каршы козголгон кылмыш ишин кийинки убакта иликтеп жүргөн көрүстөн бизнесине байланыштырып жатат. Ал иликтөө ушул күндөрү жарыяланмак. Голунов кармалары менен Москвада жана Орусиянын бир катар шаарларында журналистти колдогон акциялар өттү. Жыйынтыгында ишемби күнү Москванын Никулин райондук соту анын ишин карап, 7-августка чейин үй камагына чыгарган. Бирок 11-июнда Голуновго козголгон кылмыш иши токтотулган.

XS
SM
MD
LG