Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Орусиянын зениттик-ракеталык комплекстери (С-400) июлда сатып алына турганын айтты. «Вашингтондун басымына карабастан Түркия бул бүтүмдөн баш тартпайт», деди Эрдоган «NTV Turk» каналындагы маегинде.
- Менин божомолум боюнча, С-400 июлдун алгачкы күндөрү келе баштайт, - деди түрк президенти.
Анкаранын Москва менен С-400 ракетага каршы системасын сатып алуу тууралуу сунушу Түркия менен АКШнын ортосунда карама-каршылык жаратууда.
Вашингтон Анкарадан орусиялык ракета системасын сатып алуу боюнча чечиминен баш тартууну талап кылып келет. АКШ НАТО өлкөлөрү үчүн өндүрүлгөн Ф-35 аскердик учактары тууралуу жашыруун маалыматтар Кремлдин колуна тийип калышы мүмкүн деп тынчсызданууда.
АКШнын коргоо министринин эл аралык коопсуздук боюнча орун басарынын милдетин аткаруучу Кэтрин Уилбэргер Анкара орусиялык С-400 зениттик ракет системасын сатып ала турган болсо, бул Түркиянын НАТОдогу өнөктөштөрү менен кызматташтыгына терс таасир эте турганын эскерткен.
Түрк президенти Эрдоган бул маселени ушул айда өтчү «Чоң жыйырманын» саммитинде АКШ президенти Дональд Трамп менен талкуулай турганын белгиледи.
Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Вашингтон кандай гана санкция салбасын, Анкара сөзсүз жооп кайтарарын айтты.