Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:41

УКМК: Илмияновдун ишин тергөө аяктады (видео)


Икрамжан Илмиянов.
Икрамжан Илмиянов.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси, камактагы Икрамжан Илмияновдун ишин тергөө аяктады. Бул тууралуу маалымат Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтан (УКМК) алынды. Атайын кызмат тараткан маалыматта «УКМКнын Тергөө башкы башкармалыгы Илмиянов тарабынан алдоо жолу менен 150 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын мыйзамсыз ээлеп алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин тергөөнү аяктады» деп жазылат.

Тергөөнүн жыйынтыгы менен Илмияновго Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү («Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык») боюнча кылмыш кылгандыгы тууралуу маалымат берилди. Атайын кызмат ушу тапта Илмиянов жана анын жактоочусу козголгон иштин материалдары менен таанышып жатканын маалымдайт.

«Шоопур» деген каймана ат менен таанылган жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин эң ишенимдүү адамдарынын бири катары аты чыккан Икрамжан Илмиянов 2018-жылдын 20-октябрында Орусиядан кармалып, Кыргызстанга жеткирилген. Илмиянов учурда УКМКнын тергөө абагында кармалууда. (TSh)

XS
SM
MD
LG