Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:09

Ошто Баткендеги прокурордун өлүмү боюнча соттук териштирүү уланды


Прокурордун өлүмүнө байланыштуу шек саналып жаткан Мелис Калыков сот залында. Ош шаары. 7-июнь, 2019-жыл.
Прокурордун өлүмүнө байланыштуу шек саналып жаткан Мелис Калыков сот залында. Ош шаары. 7-июнь, 2019-жыл.

Ошто Баткен облустук прокурорунун өлүмү боюнча соттук териштирүү уланды. Ош шаардык сотунда өтүп жаткан отурум тараптардын кайым айтышы менен башталды.

Ишти судья Жолборс Кудаяров карап жатат. 17-июнь күнкү отурумда прокурор өлгөн күнү аны менен чогуу болгондор, мамлекеттик кызматкерлер жана бул ишти иликтеген тергөөчүлөр көрсөтмө берери күтүлүүдө.

Алгачкылардан болуп Баткен облустук прокурорунун мурунку орун басары Арсланбек Байбосунов көрсөтмө берип жатат.

Баткен облусунун прокурору, 43 жаштагы Анарбай Мамажакыповдун киши колдуу болгон сөөгү 18-ноябрда Баткендеги тоо арасынан табылган. Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Киши өлтүрүү» беренеси менен иш козголгон. Кылмышка шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Мелис Калыков кармалган. Учурда ал Ош шаарындагы тергөө абагында. (ZKo)

XS
SM
MD
LG