Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Август, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:57

Байбосунов: Баткен прокурору өлгөн күнү Калыков кызуу болчу (видео)

Баткен облустук прокуратурасынын мурдагыкызматкери Арсланбек Байбосунов сурак берип жаткан учуру.
Баткен облустук прокуратурасынын мурдагыкызматкери Арсланбек Байбосунов сурак берип жаткан учуру.

Мындай маалыматты Баткен прокурорунун өлүмү боюнча соттук териштирүүдө күбө катары көрсөтмө берип жатып, Баткен прокурорунун мурунку орун басары Арсланбек Байбосунов билдирди. Анын айтуусунда, 17-ноябрь күнү облустагы бир катар кызматкерлер ууга чыгышкан.

- Ууга чыгып эс алуу тууралуу сөз бир күн мурун сүннөт тойдо болуп, ошол жерде пландаштырылган, -деди ал. - 17-ноябрь күнү ишембиде, саат 12:30 чамасында эки машине менен чыкканбыз. Бири «Нива», экинчиси «Лексус» автоунаасы болчу. Анда рулда Мелис Калыков отурган.

Дээрлик баарынын мылтыктары бар болчу. Алып барган тамактарды жеп, ууга чыгып, кайра саат 17 чамасында жыйналып, кайттык. Интернетте тарап жүргөн сүрөтк кайтып келе жатканда түшкөнбүз. Эч кандай пикир келишпестик болгон эмес. Кайтканда рулга башка киши отурду, Мелис алдыда отурган. Баткендин прокурору арткы орундукта отурган. Төрт-Күл суу сактагычынын жанынан дагы токтоп, ичимдик ичилди. Мелис Калыков мас болуп калган, «кетем» дей баштады. Прокурор да «мен да кете берейин, барып эс алам» деп, кошо кетти.

Калгандарыбыз «Нивага» батпай, дагы бир кызматтык машине чакырып, ошого бөлүнүп отуруп кеттик. Көп өтпөй прокурор Анарбай Мамажакыповдун дайынсыз болуп атканын уктум.

Арсланбек Байбосунов эртеси күнү Мамажакыповдун өлүгүн издеп, таап, өлүкканага чейин коштоп келгенин кошумчалады.

Баткен облусунун прокурору, 43 жаштагы Анарбай Мамажакыповдун киши колдуу болгон сөөгү 18-ноябрда Баткендеги тоо арасынан табылган. Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Киши өлтүрүү» беренеси менен иш козголгон. Кылмышка шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Мелис Калыков кармалган. Учурда ал Ош шаарындагы тергөө абагында.

Баткен прокурорунун өлүмү боюнча ишти Ош шаардык соту карап жатат.(MdN\ZKo)

XS
SM
MD
LG