Бул маалыматты Баткен облусунун прокурорунун өлүмүнө байланыштуу шек саналып жаткан Мелис Калыков күбө катары көрсөтмө берип жаткан Арсланбек Байбосуновго суроо берип жатып билдирди. Анын айтымында, Баткен районунун прокурору Мирлан Калыбековдун ишин облустук прокуратура текшерип жаткан.
- Байбосунов тойго чейин эле: «Шефти чакырып, сыйлап койбойсуңарбы, маселеңерди чечип?» деген сунуш кылганын Мирлан Калыбеков тергөөдө беттеш болгондо айткан. Бирок сиз «тойдо гана уктум» деп айтып атасыз, - деди Калыков.
Мелис Калыков тоодо жүргөн учурда Байбосуновдун маркум прокурор менен кайым айтыша кеткенин да эскерди. Ал Байбосунов маркум прокурорду «досуң жогору жакта отурганы үчүн эле «парашютист» болуп келип калдың, эми биздин артыбыздан чукулабай, жөн иште» деп айтып, сөгүшө кеткенин маалымдады.
Бирок бул айыптоону Арсланбек Байбосунов четке кагып, «атайын аймак аралык кастыкты козутуу максатында болуп келген» деп чечмеледи.
Баткен облусунун прокурору, 43 жаштагы Анарбай Мамажакыповдун киши колдуу болгон сөөгү 18-ноябрда Баткендеги тоо арасынан табылган. Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Киши өлтүрүү» беренеси менен иш козголгон. Кылмышка шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Мелис Калыков кармалган. Учурда ал Ош шаарындагы тергөө абагында. Маркум прокурордун иши боюнча соттук териштирүү Ош шаардык сотунда каралууда. (MdN\ZKo)