Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:13

«Бир адамдан бир китеп» долбоору 51-китепканасын ачты


Ак-Талаадагы китепкана.
Ак-Талаадагы китепкана.

«Бир адамдан бир китеп» долбоору Нарында Ак-Талаа районунун Баетов, Коңорчок айылдарында кезектеги китепканасын ачты.

Долбоорду 2019-жылдын башында жаш муун өкүлдөрү Бакай Акылбеков жана Эрлан Смайыл уулу түзүп, жүзөгө ашыруу усулу жана жалпы жобосу иштелип чыккан.

Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылынан башталган бул саамалыкты учурда жалпы республиканын көптөгөн айыл-кыштактарында жана шаарларында студенттер жана жаштар улантып жатышат.

Уюштуруучулар долбоордун максаты жалпы элди китеп окууга үндөө, жаркын келечекке салым кошуу жана шаарлардагы, аймактардагы, алыскы айылдардагы китептердин тартыштыгы жана китепканалардын кыйынчылыгы менен байланышкан маселелерди чечүү экенин белгилешет.

Буга чейин Ак-Талаа, Аксы, Чаткал, Лейлек, Түп, Бакай-Ата, Алай, Кара-Кулжа, Кочкор, Жумгал райондорунда, Кочкор-Ата шаарында 32 000 нуска китеп аймактарга жеткирилип берилди.

Ак-Талаа районунун Баетов, Коңорчок айылдарында ачылган китепкана долбоордун элүү биринчиси. (ZA)

XS
SM
MD
LG