Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:42

УКМК: «Кыргыз темир жолу» өлкөгө 69 млн. сомдук зыян келтирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Коррупцияга каршы күрөш кызматы «Кыргыз темир жолу» ишканасында жемкорлук аныкталганын билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, 150 универсалдуу жарым вагонду 432 миллион сомго сатып алуу боюнча сынак өткөрүүдө мыйзам бузулган.

Жарым вагондун бир даанасын 35 миң доллардан сунуш кылган компания тандалып алынбай, 41 миң доллардан саткан ишкана жеңүүчү деп табылган. Натыйжада мамлекеттик бюджет 69 миллион сомго зыян тарткан.

Факт Жазык кодексинин «Ачык тооруктарды, аукциондорду же тендерлерди өткөрүүнүн тартибин бузуу» беренесинин негизинде каттоого алынды. Тергөөнү УКМКнын Тергөө башкармалыгы жүргүзүп жатат.

«Кыргыз темир жолу» ишканасы бул боюнча азырынча комментарий бере элек. (RK)

XS
SM
MD
LG