Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовдун 17-июндагы буйругу менен шаардык муниципалдык ишкананын жетекчилигине Талантбек Капаров дайындалды. Ишкананын буга чейинки директору Мурзабек Дубанаев 13-июнда өз каалоосу менен кызматтан кеткен.
Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасынын карамагында 31 троллейбус, 38 автобус бар. Эмгек жамаатында 226 адам иштейт.
Ишкананын автопаркы акыркы эки-үч жылда бир нече жаңы автобус менен толукталган.
Жаздан тартып автоунааларда электрондук белет системасы иштей баштаган. (MdN)