Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:25

Ислам Каримовдун небереси апасы тууралуу күч органдарына кайрылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстандын мурдагы президенти, маркум Ислам Каримовдун небереси Иман Каримова «Инстаграмдагы» баракчасы аркылуу атайын кызматтын башчысына жана башкы прокурорго кайрылды. Анда ал камактагы энеси Гүлнара Каримовага түрмө жетекчилиги басым көрсөтүп жатканын, тийиштүү медициналык жардам көрсөтүлбөй, энесинин абалы күндөн-күнгө начарлап баратканын жазган.

Экс-президенттин тун кызына басым көрсөтүлүп жатканын Гүлнара Каримованын швейцариялык адвокаты Грегуар Манжа да билдирген эле. Өткөн аптада Башкы прокуратура мындай дооматтарды четке кагып, Каримованын саламаттыгы дурус экенин жана эч кандай басым болбогонун кабарлаган.

46 жаштагы Гүлнара Каримова 2017-жылы Ташкент облустук сотунун өкүмү менен 10 жылга эркинен ажыратылган. Кийинчерек бул өкүм беш жылга кыскартылган. Ага «Алдамчылык», «Чет элдик валютаны жашыруу», «Бажы мыйзамдарын бузуу», «Кылмыштуу жол менен табылган кирешени мыйзамдаштыруу» сыяктуу беренелер менен айыптар коюлган.

XS
SM
MD
LG