Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:57

Баткен прокурорунун өлүмү боюнча сотто чатак чыкты


Мирлан Калыбеков. Баткен районунун мурдагы прокурору сотто күбө катары көрсөтмө берүүдө. Ош шаары. 17-июнь, 2019-жыл.
Мирлан Калыбеков. Баткен районунун мурдагы прокурору сотто күбө катары көрсөтмө берүүдө. Ош шаары. 17-июнь, 2019-жыл.

Баткен облусунун прокурору, маркум Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө байланыштуу шек саналып жаткан Мелис Калыковдун сотунда эки тарап кайым айтышып, бири-бирине кол көтөрүүгө чейин барышты. Буга байланыштуу судья Жолборс Кудаяров отурумду токтотуп, кийинки кароону 1-июлга дайындады.

17-июнда түштөн кийин уланган соттук кароодо Баткен районунун мурдагы прокурору Мирлан Калыбеков көрсөтмө берди. Ал былтыр 17-июнь күнү мергенчиликке чыккандан кийин мас болуп калган Мелис Калыковго прокурорду кошуп бергени үчүн өзүн күнөөлүү деп эсептей турганын айтты.

Мирлан Калыбеков - Баткен облусунун прокурорун өлтүрүүнү уюштурган деп Мелис Калыков күнөөлөп жаткан адамдардын бири. Калыковдун президентке жана элге кайрылуусунда маркум прокурор Анарбай Мамажакыпов өлөрдөн мурдараак Мирлан Калыбеков жетектеп турган Баткен райондук прокуратурасынын ишин текшерүүгө алып жатканы белгиленген.

Мирлан Калыбеков «прокурорду өлтүрүүнү уюштурган» деген айыпты 17-июндагы соттук кароодо көрсөтмө берип жатып четке какты.

Бүгүнкү жараянда Баткен облустук прокурорунун мурдагы орун басары Арсланбек Байбосунов менен Баткен районунун мурунку прокурору Мирлан Калыбеков күбө катары көрсөтмө беришти. Алар Анарбай Мамажакыпов өлөрдөн аз убакыт мурда аны менен тоого мергенчиликке чогуу чыгышкан.

Баткен облусунун прокурору, 43 жаштагы Анарбай Мамажакыповдун киши колдуу болгон сөөгү 18-ноябрда Баткендеги тоо арасынан табылган. Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Киши өлтүрүү» беренеси менен иш козголгон. Кылмышка шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Мелис Калыков кармалган. Учурда ал Ош шаарындагы тергөө абагында. (MdN)

XS
SM
MD
LG