Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:56

Жолдубаева: Атамбаев комиссиянын жыйынында айтылгандарды «калп» деди


Кундуз Жолдубаева.
Кундуз Жолдубаева.

Асел Кодураңова жетекчилик кылган Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) саясий кеңешинин мүчөсү Кундуз Жолдубаева экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча депутаттык комиссиянын айыптарына мындай жооп берди:

- Экс-президент менен сүйлөштүм. Ал муну болбогон нерсе жана Матраимов-Жээнбеков кланы башында турган коррупциядан коомчулуктун көңүлүн башка жака буруу аракети катары баалады.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча депутаттык комиссиянын алгачкы жыйыны өттү. Комиссиянын мүчөсү Талант Мамытов кол тийбестиктен ажыратуу жөнүндө демилге көтөргөн депутаттардын кайрылуусун окуду. Анда демилгечи депутаттар экс-президент Алмазбек Атамбаевди оор кылмыш иштерине байланыштуу айыптап жатышат.

Парламент 13-июнда Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратууга байланыштуу комиссия түзгөн. Экс-президент Алмазбек Атамбаев башында турган Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) юристи Нурбек Касымбеков кол тийбестик боюнча депутаттык комиссия мыйзамсыз түзүлгөнүн билдирген. (TSh)

XS
SM
MD
LG