Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:01

Отунбаева тынчтык орнотуучулардын эл аралык жыйынына катышууда


«Жалпы кызыкчылыктарды издөө» жыйынынын жарыясы.
«Жалпы кызыкчылыктарды издөө» жыйынынын жарыясы.

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева Лондондо «Жалпы кызыкчылыктарды издөө» уюмунун кезектеги жыйынына катышууда.

Бүгүн, 17-июнда Бириккен Королдуктун өкмөтү менен тынчтык орнотуу тармагындагы кызматташтыктын 20 жылдыгына карата сыйлык тапшыруу салтанаты өтөт. Бул сыйлык чыр-чатактарды басууга, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жана тынчтык орнотууга салымын кошкон ишмерлерге берилет.

Сыйлыктын 2018-жылдагы лауреаты Отунбаева быйылкы сыйлыкты Шри-Ланканын мурдагы президенти Чандрика Бандаранаике Кумаратунга айымга тапшырат.

Эки мамлекеттик ишмер ошондой эле тынчтык орнотуу, жаңжалдардын алдын алуу жана жөнгө салуу боюнча мастер-класс өткөрүшөт.

Иш-чарага жүздөн ашуун өлкөнүн белгилүү мамлекеттик ишмерлери, дипломаттар, ишкер чөйрөнүн жана маданият тармагынын өкүлдөрү катышат.

«Жалпы кызыкчылыктарды издөө» уюму Кыргызстан менен 2012-жылдан бери кызматташып келе жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG