Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:13

Иран байытылган урандын көлөмүн көбөйтөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Иран 27-июндан тартып байытылган урандын көлөмүн көбөйтөрүн дүйшөмбүдө, 17-июнда Ирандын Атом энергиясы боюнча агенттигинин башчысы Бехруз Камалванди билдирди. Анын айтымында, бул 2015-жылы Тегеран менен дүйнөлүк алты державанын ортосунда түзүлгөн келишимде көрсөтүлгөн байытылган урандын көлөмүн дагы 300 килограммга көбөйтүү деген сөз.

Мунун алдында Ирандын президенти Хасан Роухани эгер өзөктүк макулдашууга кол койгон тараптар эч кандай «оң» белги бербесе, Тегеран документте белгиленген шарттарды ишке ашыруудан баш тарта берерин билдирген.

Сөз болуп жаткан келишимден АКШ бир жыл мурда чыгып кетип, Иранга каршы экономикалык санкцияларды калыбына келтирген. Эки өлкөнүн ортосундагы чыңалуу соңку күндөрү, Вашингтон Тегеранды Перс булуңундагы мунай танкерлерине коюлган чабуул үчүн айыптагандан кийин курчуп кетти.

2015-жылкы макулдашууга АКШ менен Ирандан тышкары, Британия, Орусия, Жапония, Германия жана Франция кол коюшкан.

XS
SM
MD
LG