Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:10

Баткенде жыл башынан бери жети адам сууга чөктү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Баткен облусунда жыл башынан бери жети киши сууга чөгүп каза болду.

Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы 17-июнда «Азаттыкка» билдиргенине караганда, сууга чөккөндөрдүн бешөө жаш балдар. Алардын төртөө эки жаштагы наристе, бирөө 10 жаштагы бала.

Милиция өкүлдөрү элди жайында сууга түшүп эс алууда этият болууга, айрыкча балдарга көзөмөлдү күчөтүүгө чакырды.

2018-жылдын биринчи жарымында, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда 81 адам сууга чөгүп каза тапкан. (JsA)

XS
SM
MD
LG