Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:57

Канжар Кадыралиев боюнча сот чечими чыкты


Канжар Кадыралиев.
Канжар Кадыралиев.

Бишкектин Октябрь райондук соту 17-июнда Ош шаардык прокуратурасынын мурдагы кызматкери Канжар Кадыралиевге байланыштуу өкүм чыгарды. Бул тууралуу Кадыралиевге каршы сотко арыз жазган ишкер Сактан Келдибаев «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, сот прокуратуранын Канжар Кадыралиевди 15 жылга эркинен ажыратуу тууралуу сунушун канааттандырбады. Ал күнөөлүү деп табылды, бирок эч кандай жазага тартылган жок.

Ушул кезге дейре үй камагында болгон Канжар Кадыралиевге карата кандай негизде чечим чыкканы тууралуу райондук жана Жогорку сот маалымат бере элек.

2014-жылы Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин ошол кездеги депутаты Ыргал Кадыралиеванын жана парламенттин мурдагы депутаты, маркум Санжар Кадыралиевдин бир тууганы, Ош шаардык прокуратурасынын мурдагы кызматкери Канжар Кадыралиевге карата Кылмыш-жаза кодексинин «Бейбаштык», «Опузалоо» жана «Өзүм билемдик» беренелери менен ишин козгоп, аны кызматынан бошоткон. Ал кылмыш иши козголгондон беш айдан кийин камакка алынган. Кийинчерээк Бишкек шаардык сотунун чечими менен үй камагына чыгарылган.

Кадыралиевге иш козголушуна «куралдуу карактоого кабылды» деген өзгөндүк ишкер Сактан Келдибаевдин туугандарынын, андан кийин өзүнүн айылдашы Абдимитал Бекташевдин арыздары негиз болгон. Ага карата жалпысынан беш киши сотко даттанган.

Буга чейин прокуратура аны 15 жылга эркинен ажыратууну сураган. Жабыркагандар да муну колдой турганын билдиришкен.

Кадыралиев жана анын жакындары кылмыш иши негизсиз козголгонун айтып келе жатышат. (NT)

XS
SM
MD
LG