Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:14

Польша АКШнын аскерлерин чыгыштагы чек арасына жайгаштырат


АКШ менен Польшанын президенттери.
АКШ менен Польшанын президенттери.

Польшанын коргоо министри Мариуш Блащак АКШнын аскерлери жалпысынан алты аскердик базага бөлүштүрүлүп жайгаштырыларын маалымдады. Өкмөт өкүлү «Поляк радиосундагы» маегинде НАТОнун күчтөрү Орусиядан келчү коркунучтун алдын аларын айтты. Варшава менен Вашингтон аскерлер жайгаша турган аймактарды өзүнчө макулдашуу аркылуу тактоону сүйлөшкөнүн белгиледи.

Өткөн аптада Вашингтон менен Варшава Германиядан Польшага миңдей аскерди жана чалындоо максатында пилотсуз учактар бөлүмүн жөнөтүүнү макулдашкан. Бул үчүн Варшавада атайын аэродром да курулмакчы.

Дональд Трамп «АКШ Польшаны Орусиянын аргессиясынан коргойт» деп айткан. Расмий Москва мындай дооматтар көбүртүлүп-жабыртылганын билдирип, АКШ менен Польшанын планы «аскердик чыңалууну курчутат» деп эскерткен жана жооп катары чара көрүүгө убада берген.

XS
SM
MD
LG