Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:27

Түркмөн президенти уулун губернатор кылып дайындады


Сердар Бердимухаммедов депутаттык күбөлүгүн алган учуру. Ноябрь, 2016-жыл.
Сердар Бердимухаммедов депутаттык күбөлүгүн алган учуру. Ноябрь, 2016-жыл.

Түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухаммедовдун жалгыз уулу Сердар Бердымухаммедов Ахал провинциясынын башчысы болуп дайындалды.

Түркмөнстандын мамлекеттик маалымат агенттиги 17-июнда кабарлагандай, аны аймакка жетекчи кылуу тууралуу буйрукту атасы, президент Гурбангулы Бердымухаммедов чыгарды.

Ахал провинциясы - мурдагы Ашхабад облусу. Быйыл январдан бери 37 жаштагы Сердар Бердымухаммедов облус жетекчисинин орун басары болуп иштеп келаткан. Ал куралдуу күчтөрдүн подполковниги.

2016-жылы президенттин уулу түркмөн парламентине депутат болуп шайланган. 2018-жылы тышкы иштер министринин орун басары болуп иштеген. Мындан тышкары да бир катар кызматтарга дайындалган.

Байкоочулар ал атасы менен коомдук иш-чараларга көп чыга баштаганын айтышууда. Өлкөнүн расмий кабарларында аны «элдин уулу» деп аташат. Аны «Аркадагдын» мураскери деп мүнөздөгөндөр да бар.

XS
SM
MD
LG