Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:39

Атамбаевдин кол тийбестиги боюнча депутаттык комиссиянын иши уланат


Экс-президент Алмазбек Атамбаев Бишкектеги митингде. 8-июнь, 2019-жыл.
Экс-президент Алмазбек Атамбаев Бишкектеги митингде. 8-июнь, 2019-жыл.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия бүгүн, 18-июнда да ишин улантат.

Бул тууралуу комиссиянын дүйшөмбүдөгү жыйынында айтылды.

Анда мурдагы мамлекет башчысына тогуз бөлүмдөн турган оор айыптар коюлду. Анын ичинде кызмат абалынан кыянат пайдалануу, кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу, коррупция, жерди мыйзамсыз трансформациялоо, акча адалдоо, Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу жемкордук жана башка кинелер бар.

Атамбаев баштаган Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) депутаттык комиссиянын жыйынында айтылгандарды «чуулгандуу коррупциялык иштерден коомчулуктун көңүлүн буруу» деп баалап жатат.

Жогорку Кеңеш 13-июнда Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча комиссия түзгөн.

Анын курамына депутаттар Өмүрбек Бакиров, Евгения Строкова, Кожобек Рыспаев, Максатбек Эгембердиев, Талант Мамытов, Бактыбек Райымкулов, Жыргалбек Турускулов, Канатбек Исаев, Алмазбек Токторов, Алтынбек Жунус уулу, Бактыбек Турусбеков жана Каныбек Иманалиев кирген.

Мунун алдында депутат Канатбек Исаевдин Атамбаевдин кол тийбестигин алуу тууралуу сунушун Жогорку Кеңештин 60 депутаты колдоп, кол коюп бергени айтылган.

Комиссия депутаттардын экс-президентке койгон дооматтарын карап чыгып, Алмазбек Атамбаевге чара көрүү жөнүндө сунуш киргизе турган болгон. Эгерде Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоого негиз тапса, кайра парламентке кайрылат. Аны Жогорку Кеңештин үчтөн экиси, 80 депутат колдосо мурдагы президент Алмазбек Атамбаевден макам алынмакчы. КСДПнын юристи Нурбек Касымбеков кол тийбестик боюнча депутаттык комиссия мыйзамсыз түзүлгөнүн билдирген. (NT)

XS
SM
MD
LG