Бишкекте бүгүн, 18-июнда шайлоо мыйзамдарына сунушталган өзгөртүүлөр боюнча тегерек үстөл болот. Талкууну шайлоо мыйзамдары боюнча түзүлгөн жумушчу топ уюштурууда.
3-июнда Бишкекте «Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзам долбоорлор топтому боюнча парламенттик угуу болгон. 11-июнда мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитетинде экинчи окуудан өткөн. Эми мыйзам долбоору жалпы сессияда каралышы керек.
Буга чейин укук коргоочулар айылдык кенештерде мандаттарды аялдар үчүн резервге калтыруу жөнүндө мыйзам долбоорун колдоого чакырган маалымат өнөктүгүн башташкан.
Бириккен Улуттар Уюмунун сунушу менен Кыргызстандын мыйзамдарына «башкаруу органдарында гендердик тең салмактуулук сакталып, жалаң бир жыныстуу эмес, 30 пайыз аялдар же эркектер иштеши керек» деген норма кирген. Бирок бул талап дээрлик эч кайсы органдарда аткарылбай жатканы айтылып келет.
Расмий маалыматтарга караганда, жергиликтүү кеңештерде депутат аялдар 11 пайызды түзөт. Бул Кыргызстандагы 453 айылдык кеңештин 86сында бир да аял депутат жок дегенди түшүндүрөт.
Аталган документке сунушталган өзгөртүүлөрдү президенттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев жетектеген жумушчу топ депутаттар менен бирге иштеп чыккан. Жумушчу топко Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова жана башка коомдук уюмдардын мүчөлөрү кирген.
Документте коомдук байкоочулардын ыйгарым укуктарын кеңейтүү, жергиликтүү кеңештерде аялдарга 30 пайыз квота берүү жана башка өзгөртүүлөр камтылган. Демилгечилер долбоордун негизги максаты шайлоо тууралуу мыйзамдарды өркүндөтүү деп түшүндүрүшкөн. (NT)