Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:53

Чүйдө сууга чөккөн өспүрүмдүн сөөгү табылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүйдө өспүрүм бала сууга чөгүп каза болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда,  окуя 17-июнда Чүй районунда болгон.

Шамшы суусуна 14 жаштагы бала түшүп кеткендиги тууралуу маалымат 112 кызматына келип түшкөн.

Издөө иштеринин натыйжасында өспүрүмдүн сөөгү бүгүн, 18-июнда табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

2018-жылдын биринчи жарымында, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда 81 адам сууга чөгүп каза тапкан. (RK)

 

XS
SM
MD
LG