Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:03

Зеленский Берлинде Меркел менен жолугат


Владимир Зеленский.
Владимир Зеленский.

Украин президенти Владимир Зеленский Берлинде канцлер Ангела Меркел менен жолукканы жатат. Немис өкмөтүнүн басма сөз катчысы Штеффен Зиберт жетекчилер Минск келишимдерин ишке ашыруу маселесин, орусиячыл жикчилдер ээлеп алган чыгыш Украинадагы кырдаалды талкуулашарын билдирди.

Ошондой эле «Түндүк агым - 2» газ куурун салууга байланышкан маселе сөз болмокчу. Куур Орусиядан жаратылыш газын Балтика деңизинин түбү менен Германияга ташымак. Бирок долбоор АКШнын Москвага каршы жаңы санкцияларына туш болушу ыктымал.

Вашингтон, Киев жана Варшава куур Орусияга украин инфратүзүмүн кыйгап өтүүгө шарт түзөт, бул өз кезегинде кошуна өлкөлөргө каршы экономикалык курал болуп калышы ыктымал деп эсептешет.

Москва менен Берлин курулушту таза коммерциялык долбоор катары мүнөздөп жатышат.

17-июнда Парижде француз президенти Эммануэл Макрон менен жолугушууда Зеленский Европа Биримдигин Крым жарым аралын аннексиялап, чыгыш Украинадагы жикчилерге жардам берип келаткан Орусияга кысымды улантууга чакырган.

XS
SM
MD
LG