Бишкек шаардык кеңешинде баш калаада акы төлөнүүчү токтотмолор менен автоунаа туруктарын уюштуруунун тартиби жана шарттары жөнүндө жобо талкууланды.
Бул маселе 18-июнда кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында талкууга алынып, «Бишкек токтотмолор жана автоунаа туруктары» мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги маалымат берди.
Ишкана билдиргендей, баш калаада автоунаа токтотуучу жайлар төрт зонага бөлүнөт. Жалпысынан 10 миң 600дөй орун түзүлөт.
Машине коюлган жайды пайдалануунун алгачкы 15 мүнөт бекер болот. Андан соң биринчи сааты 10-30 сом, кийинки убакыт саатына 10 сомдон деп эсептелет.
Жалпысынан мындай ишмердүүлүктөн мэриянын бюджетине бир жылда 100 миллион сом түшүп турары айтылды.
Бишкекте машинелер коюлуучу жайлардын баары жеке колдо. Жыл сайын борбор шаарда машине көбөйүп, токтотмо маселеси чоң түйшүккө айланды. (RK)