Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:50

Оштун Сирияга кеткен төрт тургуну кайтып келди


Сириядагы согуштун кесепети.
Сириядагы согуштун кесепети.

Ош шаарындагы Туран кичирайонунун Сирияга кеткен 15 тургунунун төртөө кайтып келди. Бул тууралуу бүгүн, 18-июнда Туран аймактык кеңешинде экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча өткөн жыйында айтылды.

Жыйынга жергиликтүү тургундар, Ош мэриясынын, шаардык ички иштер башкармалыгынын, УКМКнын, муфтияттын жана Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын өкүлдөрү катышты. Анда жаштарды экстремизм жана терроризм азгырыктарынан сактоо, аларга берилип кетүүнүн алдын алуу тууралуу маселелер каралды.

УКМКнын маалыматы боюнча, ушул күнгө чейин Сириянын согуш жүргөн аймактарына баш-аягы 800дөй кыргыз жараны кеткен. Анын ичинен 200дөн ашыгы курман болгон. «Ислам мамлекети» тобуна кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар экени айтылып жүрөт.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, 2018-жылы Сириядагы согуш жүрүп жаткан аймактарга кеткен кыргызстандыктар боюнча укук коргоо органдары 110 кылмыш ишин козгогон. Чогултулган далил материалдардын негизинде 111 кишиге айып коюлган. 110 кылмыш ишинин 55и сотко өткөрүлүп, 41 адам кесилген. Айыпталгандардын ичинен 76 пайызы Ош аймагынын тургундары. (ZKo)

XS
SM
MD
LG