Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:54

УЕФАнын мурдагы төрагасы Платини кармалды


Мишел Платини.
Мишел Платини.

УЕФАнын мурдагы төрагасы Мишел Платини коррупциялык иштерге байланыштуу кармалды.

«Le Monde» басылмасы кабарлагандай, сөз 2022-жылы футбол боюнча дүйнө чемпионаты өтө турган мамлекетти тандоодо болгон болжолдуу коррупциялык ишке байланыштуу болуп жатат.

Ушундай эле шек менен Франциянын мурдагы ички иштер министри Клод Геан да сурак берип чыкканы маалым болду.

2010-жылдын соңунда ФИФАнын аткаруу комитети өткөргөн добуш берүүнүн жыйынтыгында чемпионатты өткөрүү укугун Катар алган. 2018-жылкы мундиаль Орусияда өтөрү маалым болгон. Бул чечимдерден кийин бир катар маалымат каражаттары чечим паракорчулуктун негизинде кабыл алынышы мүмкүн деп шек санашып, бул боюнча өз иликтөөлөрүн жарыялай башташкан.

XS
SM
MD
LG