Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:44

Орозбек Опумбаев УКМКнын төрагасы болду


Орозбек Опумбаев.
Орозбек Опумбаев.

Орозбек Опумбаев Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу жарлыкка 18-июнда мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Буга чейин Опумбаев төраганын биринчи орун басары, УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгын жетекчиси болуп иштеген, өкмөттүн аппаратында да эмгектенген.

УКМКнын мурдагы жетекчиси Идрис Кадыркулов 15-майда паспорт, тендер чырына байланыштуу кызматтан кеткен.

Опумбаев өкмөттүк эмес уюмдарга көзөмөлдү күчөтүү зарыл деген көз караштагы жетекчи. Быйыл март айында Жогорку Кеңеште Бишкекте өткөн митинг маселеси талкууланып жатканда ал “Орусияда жана башка өлкөлөрдө кабыл алынган өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндөгү мыйзам бүгүнкү күндө эң зарылдеп айткан.

2016-жылы Жогорку Кеңеш «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзам долбоорун кабыл албай койгон. Депутаттардын көпчүлүгү «бул демилге жарандык коомду чектеп, өлкөгө келген эл аралык жардамдын азайышын шарттайт» деп каршы чыккан. (RK)

XS
SM
MD
LG