Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:00

Кытай АКШны Иранга «ашыкча кысым» көргөзбөөгө чакырды


Кытай Кошмо Штаттарды Иранга көрсөтүлгөн «кысымдын ашыкча ыкмаларын» жеңилдетүүгө чакырды. Кытайдын тышкы иштер министри Ваң И Сириянын башкы дипломаты менен кездешүүдөн кийин Иранды өзөктүк келишимде кала берүүгө үндөдү.

- Биз бардык тараптарды сабырдуу болууга, кандайдыр тирешүүгө алып бара турган кадамдарды жасабоого чакырабыз, - деди Ван И.

АКШ Иранды мунай ташыган танкерлерге коюлган чабуул үчүн кайрадан айыптап, Жакынкы Чыгышка миңдей аскер жөнөткөнү турат. Бул тууралуу буйрукка коргоо министринин милдетин аткаруучу Патрик Шанахан кол койду. Пентагондун билдирүүсүндө бул кадам Ирандын аймактагы кастык аракеттерине жооп чара катары көрсөтүлгөн. Тегеран болсо өз дарегине айтылган дооматтардын баарын четке кагууда.

Дүйшөмбү күнү Иран 2015-жылы түзүлгөн өзөктүк программа боюнча эл аралык келишимдин айрым шарттарын аткарууну токтото турганын, айрыкча байытылган урандын коруна коюлган чекти көбөйтөрүн жарыялаган.

2015-жылы Иран менен дүйнөнүн алты державасы - АКШ, Британия, Франция, Орусия, Кытай жана Германия кол койгон келишимге ылайык, Иран өзөктүк программасын чектеши керек эле. Бул үчүн Ислам Республикасына салынган эл аралык санкцияларды алуу каралган.

Былтыр 8-майда президент Дональд Трамп АКШ макулдашуудан чыгып жатканын жарыялап, бул кадамынын себеби катары келишимге Ирандын баллистикалык ракеталарды чыгаруу программасы кирбей калганын, Тегеран Жакынкы Чыгыштагы террордук топторду колдоп жатканын жүйө келтирген. Аны улай Иранга каршы санкциялар жандандырылып, Вашингтон менен Тегерандын ортосунда чыңалуу күчөдү.

XS
SM
MD
LG